Эртай Искаков 2 айга камакка алынды

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын 14-июль күнү саат 20:30да Сокулук районунун Селекционное айылында болжол менен 150дөн ашык белгисиз адамдар алдын ала макулдашуу боюнча коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузушуп, «Ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам» деген шылтоо менен Бишкек-Күн-Туу унаа жолун тосуп, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга таш ыргытышкан.
Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-беренесинде көрсөтүлгөн (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренесинде көрсөтүлгөн (Бейбаштык) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иштери козголгон.
2023-жылдын 15-июлунда жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип, 1990-жылы туулган Э.И., 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


2023-жылдын 17-июлунда кылмышка шектүүлөргө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-беренеси (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча айыбы угузулуп, аларга карата баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчү Сокулук райондук сотуна келтирилген.


Сокулук райондук сотунун Тергөө судьясынын чечими менен 1990-жылы туулган Э.И. аттуу айыпталуучунун кармалгандыгы мыйзамдуу деп табылып, ага карата Бишкек шаарындагы № 1 Тергөө абагына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды, ал эми 1974-жылы туулган Б.Б. аттуу айыпталуучуну жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу айыпталуучунун кармалгандыгынын мыйзамдуулугу жана баш коргоо чарасы каралууда.
Тергөө иштери уланууда.