Ысык-Көлдөгү кафелер текшерилүүдө

Ысык-Көл облусунун аймагындагы бардык террасасы бар кафе, ресторандар текшерилүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек буга чейин Чолпон-Атадагы “Барашек” кафесинде жардыруучу зат бар экени тууралуу кабар келип келип түшкөнү боюнча маалыматтар тараган.

Ал эми Ысык-Көл милициясы кабарлагандай, жардыруучу зат тууралуу маалым электрондук почтага келип түшкөн, бирок ал катта кафенин же ресторандын аты жазылган эмес.

«Электрондук почтага кафенин террасасында жарылуучу зат бар экени айтылган гана кат келген. Бирок анда дал ушу «Барашек» же башка кафенин аты жазылган айтылган эмес. Мындан улам учурда күч кызматкерлери облус аймагындагы бардык террасасы бар кафелерди текшерип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Бишкектеги «Бахчай» кафесинин аймагы курчоого алынып, буга кафенин аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү себеп болгон.