“Алкан” базарында бомба табылган жок

“Дордой” соода комплексинин аймагындагы “Алкан” базарында бомба табылган жок. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин “102” кызматына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, милиция кызматкерлери базардын аймагын курчоого алышкан. Базарга келгендер жана кызматкерлер эвакуацияланып, бомбаны ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору издешкен.