май айында коррупцияга шектелип кармалып, андан соң үй камагына чыккан кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун мурунку жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов жумушка чыкты.
Темирбек Эркинов кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматынан алынганын жана ал министрлер кабинетинин төрагасынын коомдук башталгычтагы кеңешчиси экени маалымдалды.
Темирбек Эркинов ишке чыкканын 21-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов америкалык SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткандагы сүрөттөрдөн да көрүүгө болот.
![photo 2023 07 21 09 45 22 2 Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматынан алынган](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/photo_2023-07-21_09-45-22-2-1200x798.jpg)