Майлуу-Суудагы психиатриялык диспансерге аял мыйзамсыз жаткырылган

Майлуу-Сууда Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык диспансерге аял мыйзамсыз жаткырылган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аялдын 26 күндөн бери диспансерде жатканы такталды.

“С.М. үй камагында болгон. Майлуу-Суу РИИБинин тергөөчүсү аялды соттун чечими жок эле ооруканага жаткырган. Факты боюнча милиция кызматкерине жана психиатриялык оорукананын башкы дарыгерине кылмыш иши козголгон. Бирок сот аларды кылмыштын курамы жок деп актады. Маалым болгондой, диспансердин башкы дарыгерин тогуз жылга эркинен ажыратууну суранышкан”, – деп айтылат маалыматта.