Беловодскиде жети жаштагы бала изделүүдө

Москва районунун милициясы 2015-жылы төрөлгөн Калыбеков Айжигит Данияровичти издеп жатат. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал 19-июлда саат 05:40 чамасында Беловодск айылынын Колхоз көчөсүндөгү үйдөн кийимсиз чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

А.Калыбековдун бою 120-125 см чамалуу, арык чырай, чачы кара жана кыска, көзү кара. Сүйлөй албайт.

Милиция сүрөттөгү жаш бала тууралуу маалыматы бар жарандарды кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: 0 (312) 60-77-27, 0 (552) 22-04-22, 0 (707) 22-04-22.