Элчи Идрис Кадыркулов Украинадагы ТИМге чакыртылды

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Киевдеги элчиси Идрис Кадыркуловду кечээ, 20-июлда, чакырып санкциядагы товарлардын транзити тууралуу түшүндүрмө сураган. Бул тууралуу Украин ТИМи расмий сайтына жазды.

Анда санкцияларга карабай Россияга курал жасоого колдонулушу мүмкүн делген жогорку технологиялык компоненттерди жана буюмдарды Кыргызстан аркылуу ташылып жатканы тууралуу маалыматтын чын-төгүнү суралган.

Украина ТИМи Кыргызстандан Россияга андай товарлардын реэкспортун “достукка жакпаган” кадам катары караларын айтышкан. 

“… РФ Кыргызстан аркылуу реэкспорт жасалган товарларды аскердик техникаларды жабдуу үчүн колдонушу мүмкүн. Муну украин тарап достук эмес мамиле катары баалайт”, — деп жазылган маалыматта.

20-июлда Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанда катталган 4 компанияга санкция салды.

АКШ Россия аталган компанияларды эки багытта колдонула турган технологияларды сатып алууга пайдаланууда деп эсептейт.

«Россиялык компаниялар чет элдик электроника жана технологияларды импорттоо үчүн башка өлкөлөрдө ортомчуларды тартып жатат. Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанда жайгашкан компаниялар көзөмөлгө алынган электроника жана башка технологияларды Россияга байма-бай экспорттоп жатышат», – дейт АКШ.