“Дордой” базары эвакуацияланууда

Бомба тууралуу билдирүүдөн улам “Дордой” базары эвакуацияланууда. Бул маалыматты Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, саат 09:55те “102” кызматына “Дордойдо” тактап айтканда “Алкан” базарынын аймагына бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо жөнөп кетишти. Базардын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

“Дордой” базарынын кардарлары жана кызматкерлери эвакуацияланды. Учурда жеринде ИИМдин кызматкерелери иштеп жатат.