Чолпон-Атада кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жүргүнчүлөрү бар кичи автобус менен жеңил унаа катышкан жол кырсык катталды.  Бул тууралуу  окуянын күбөлөрү билдирди.

Алардын айтымында, жол кырсык бүгүн, 21-июлда катталган. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар бар.

Жол кырсык болгон жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда.