Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери көчмө кабылдама менен жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүдө

Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун айыл аймактарында кыдырып жарандарга юридикалык жардам көрсөтүштү.

Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыштуулукту жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жыл башынан бери көчмө кабылдама менен 133 жолу чыгуу болуп, 83 жаран кайрылып, арыздарды кабыл алган.

“Ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте райондун айыл аймактарында ар кандай кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында 69 жаран кайрылып, юридикалык кеңештер берилди. Көчмө кабылдама юридикалык жардам көрсөтүү менен чектелбестен, мигранттардын үй-бүлөлүк абалы менен таанышууда. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен тургундардын социалдык абалына жараша жардам берилүүдө. Милиция кызматкерлери тарабынан визиттик карточкалар таратылып, кандайдыр бир тартип бузуучулук көйгөйлөр жаралса 102 нөөмөт бөлүмүнө телефон кайрылуу жасоо керектигин эскертишүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

41bbf191 fac2 4bcb 926e 70d509a14e8b Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери көчмө кабылдама менен жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүдө
7c8162c8 5561 4716 a012 b289d4815e57 Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери көчмө кабылдама менен жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүдө