Кыргызстандын жасалма паспорту менен чет элдик жаран кармалды

Кыргызстандын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды, – деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кыргызстандын улуттук коопсуздук системасына терс таасирин тийгизген факторлорду жана шарттарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 2023-жылдын 19-июлунда Кыргызстандын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды.

Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран М.М. кармалды.

“20-июлда кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

gknb zaderzhan grazhdanin inostrannogo gosudarstva Кыргызстандын жасалма паспорту менен чет элдик жаран кармалды
gknb zaderzhan grazhdanin inostrannogo gosudarstva1 Кыргызстандын жасалма паспорту менен чет элдик жаран кармалды