Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болду

Бактыбек Аманбаев Вашингтондогу резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

“Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Вашингтон шаарында резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.