Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан эки жаран кармалды

УКМКнын кызматкерлери атайын террористтик даярдыктан өтүп, Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан эки жаранды кармашты.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын жарандары 1994-жылы туулган М.у.Б. жана 1993-жылы туулган А.у.Т. 2019-жылдан бери террористтик мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн, анын ичинде Кыргызстандын аймагында согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Алар эл аралык террористтик уюмдардын эмиссарларынын жетекчилиги астында чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан.  18-августта экөө тең Бишкекке жеткирилип, камакка алынды.

Учурда алар УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Алардын мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

45.700x0 is Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан эки жаран кармалды