10 жаштагы бала акчасын уурдатып, өтүп бара жаткандардан жардам сураган

Социалдык тармактарда 10 жаштагы бала акчасын уурдатып, өтүп бара жаткандардан жардам сураган видео тарады. Баланын өтүнүчүнө унаа айдап бара жаткан жаран кайрылып, болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишини кармоого жардам берген. 

Бала менен сүйлөшүү учурунда эркек киши таанышынын телефону менен акчасын уурдап кеткенин айткан.

Октябрь РИИБинен билдиришкендей, жогорудагы окуя боюнча арыз милицияга 18-августта келип түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, кылмыш 17-августта борбор калаадагы конуштардын биринде болгон. Жабырлануучуга эки эркек келип бири чалып алууну суранган, бирок уюлдук телефону менен качып кеткен, экинчиси 36 миң 400 сом акчасы бар капчыгын алып качкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана 206-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш ишин козголгон.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Октябрь РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Ч.С., жана 1988-жылы туулган Ж.К. кармалып, кайра келүүгө убадасы менен бошотулган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алар жабырлануучуга уурдалган капчык жана смартфонун кайтарып беришкен. 

Тергөө иштери уланууда.