ИИМде 18 жетекчи жазаланып, алты жетекчи иштен алынды

мвд

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 18-августта, ички иштер министрлигинде ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланды.


Жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулду.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалганын маалымдалган.