Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болду

Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Текебаев Өмүрбек Чиркешович Берлин шаарындагы резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.