Талас ОИИБде ыкчам кеңешме өткөрүлдү


Бүгүн 17-июль күнү Талас ОИИБдин жыйындар залында облустук ички иштер органдарынын 2023-жылдын 6 айда аткарган иштерин жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме өттү. Анда башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев төрагалык кылып, орун басарлары, бөлүм жана кызмат башчылары катышышты.


Кылмыштын бетин ачууда, алдын алууда жана облус боюнча жалпы кылмыштуулуктун абалы талкууланды. Талдоонун негизинде ар бир райондун кемчиликтери белгиленди.


Жол кырсыктарын азайтуу максатында приоритеттүү багыттар көрсөтүлүп, жол кырсыктары менен күрөшүүдө эффективдүү методдор боюнча тапшырмалар берилди.
Кызматкерлерге мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандардын кайрылууларын ыкчам түрдө чечип, сервистик тейлөө көрсөтүү керектиги талап кылынды.
Милициянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында бир топ кемчиликтер айтылып, аны жоюу үчүн тапшырмалар берилди.
Андан тышкары бир нече кызмат башчыларга кетирилген кемчиликтер үчүн ар кандай тартиптик чаралар көрүлдү.