«Мегакомдун» мурдагы жетекчиси эки айга камалды

“Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ал 2023-жылдын 9-августуна чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эске сала кетсек, “Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмышты жасоого шектелип кармалган.