“60 мечит”: Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер аныкталды

Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан Сузакта 33 – мечит, Базар-Коргондо – 2, Ноокенде – 5, Аксыда – 3, Чаткалда – 5, Токтогулда – 1, Тогуз-Тородо – 7, Жалал-Абадда – 3, Майлуу-Сууда – 1 мечит мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан имамдары жергиликтүү тургундар тарабынан өзүм билемдик менен дайындалып, ошол эле учурда тиешелүү теологиялык билими жок, өз ишмердүүлүгүн КМДБнын макулдугусуз жүргүзгөн мыйзамсыз мечиттерде экстремисттик идеологияны пропагандалоону аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө.


Мечиттердин курулушун координациялоонун жана аларды каттоонун бирдиктүү эрежелерин текшерүү максатында, Жалал-Абад облусунун аймагындагы мечиттерди текшерүүнү уюштуруу боюнча КР УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер башкармалыгынын, “Кадастр” ММ, ӨКМ, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ДИМК жана КМДБнын кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүү демилгеленген.


Комиссиянын ишинин жүрүшүндө КМДБнын жана ДИМКнын каттоосунан өтпөгөн 60 мечит аныкталган. Райондор жана шаарлар боюнча: Сузак – 33, Базар-Коргон – 2, Ноокен – 5, Аксы – 3, Чаткал – 5, Токтогул – 1, Тогуз-Торо – 7, Жалал-Абад – 3, Майлуу-Суу – 1.
Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында 11 мечит КМДБдан жана ДИМКдан каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдады. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ведомстволор аралык комиссия тарабынан 49 мечитке аларды КМДБ жана ДИМК каттоодон өткөрүү маселесин чечүү боюнча сунуштар берилди.
Белгилей кетсек, мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектуранын, КМДБнын макулдугусуз өз алдынча, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 282 Мыйзамынын 10-берененин 1-бөлүгүн “Диний уюм дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып диний иш жүргүзүү укугуна ээ болот” бузуу менен курулган
“, – деп айтылат маалыматта.
Атайын комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, архитектуранын, КМДБнын жана ДИМКнын тиешелүү органдары жаңы мечиттердин курулушун жана алардын мындан аркы каттоосун көзөмөлгө алышат.

df03b116 d6fa 43b0 83b7 328575cd1e0c 1 "60 мечит": Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер аныкталды
a476a975 57cf 4f22 b02e 16cd0b64c1b8 "60 мечит": Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер аныкталды
1617e2ca 9673 40a4 ad69 4a9561cf7a96 "60 мечит": Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер аныкталды
40dc2d4b e3f2 46b5 bd17 fb6d3aecae29 "60 мечит": Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер аныкталды
8e641036 acb9 473a a604 35dfc45b4473 "60 мечит": Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер аныкталды
0d4e5784 1136 44c4 b21d 1a4bf0794fe4 "60 мечит": Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер аныкталды