Компьютердик томографты мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды

«Түндүк-Чыгыш» бажысы компьютердик томографты мыйзамсыз алып келүү фактысын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюуга багытталган бажы көзөмөлүнүн алкагында 2021-жылдын апрель айында Бишкек шаардык «К» медициналык клиникасына түркиялык «PCR LTD» (баштапкы тамгалар өзгөртүлгөн) фирмасынан «убактылуу ташып келүү» бажы жол-жобосу менен «Philips Brilliance» маркасындагы компьютердик томография товарлары алынып келинген.

«Компьютердик томограф» товарларын алып келүүдө медициналык компаниянын өкүлү «М.Я.» (башкы тамгалар өзгөртүлдү) атайылап жалган маалыматтарды берип, «убактылуу ташып келүү» бажы жол-жобосу боюнча бажылык тариздөө иштерин жүргүзгөндүгү аныкталган.

Ошол эле учурда «К» медициналык ишканасынын директору «М.А.» (башкы тамгалар өзгөртүлдү) Түркиядан Кыргызстанга «Philips Brilliance» маркасындагы «компьютердик томограф» товарын алып келбегендигин, «М.Я.» өкүлдү тааныбагандыгын, экспорттолгон түрк компаниясы менен эч кандай келишим түзүлбөгөнүн түшүндүргөн.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 255 миң 355 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага жиберилген.

Иллюстративдик сүрөт