ЖРТда бүтүрүүчүлөрү жогорку упай алган мектептердин тизмеси

Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) бүтүрүүчүлөрү жогорку упай алган мектептердин тизмесин жарыялады.

Ведомствонун рейтингинин сап башында Е. Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи турат, мында 7 бүтүрүүчү эң жогорку упайды жана “Алтын сертификат” алган.

Ошондой эле “Алтын сертификат” алууга 4төн бүтүрүүчүсү талапкер болгон мектептер:

  • Бишкек шаары, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  • Бишкек шаары, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;

3төн бүтүрүүчүсү:

  • Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекс;

2ден бүтүрүүчүсү:

  • Бишкек шаары, №12 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Бишкек шаары, “Келечек” билим берүү комплекси;
  • Ош облусу, Ош шаары “Сема” Ош лицейи;
  • Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи;