Жаран өз билемдик менен Ак-Буура дарыясынын жээгинде таш бетондон уруксатсыз курулуш жүргүзгөн

Ошто дагы бир мыйзамсыз курулуш аныкталды, – деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнүн 52 дарегинде У. Белекбаев аттуу жаран өз билемдик менен Ак-Буура дарыясынын жээгинде таш бетондон уруксатсыз курулуш жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Тактоо учурунда, жер тилкеси Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагы болуп, курулушка тиешелүү архитектуралык уруксат иш кагаздары жок болуп чыкты.

Мындан улам, курулуш жүргүзүп жаткан жеке тарапка өз эсебинен бир күн аралыгында бузуп салуу милдеттендирилди.

Эгер белгиленген мөөнөттө курулуш бузулбаса, анда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бузулуп, калыбына келтирилет.

365124605 620779663574268 6113340252857457605 n Жаран өз билемдик менен Ак-Буура дарыясынын жээгинде таш бетондон уруксатсыз курулуш жүргүзгөн