Унаада кызды зордуктоого аракет кылган жаран бир айга камакка алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы кызматкерин 22-июлга чейин СИЗО-1ге жайгаштырды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы маалымат берди.

Белгилей кетсек, 1993-жылы туулган Б.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) боюнча шектелип, 22-июлда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Токтогул-Ибраимова көчөлөрүнүн кесилишинде жол тандабастын арткы орундугунда кыз менен жигиттин чыр-чатагы тартылган видеосу тараган.

Окуя болгон күнү, тагыраагы, 15-июнда 27 жаштагы кыз тааныш жигит күч колдонуп жыныстык катнашка баргысы келгенин айтып, милицияга кайрылган.