Москвада 23 жаштагы кыргызстандык кыз зордукталды

Москвада 23 жаштагы кыргызстандык кыз зордукталганын билдирген. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Ал полицияга билдиргендей, кылмыш 16-августка караган түнү Россиянын баш калаасынын түштүгүндө болгон. Анын айтымында, короо шыпырган адам (болжол менен кыргызстандык) тапанчага окшош буюм менен коркутуп, кызды турак жайдын таштанды бөлмөсүнө алып барып, кордогон.

Шектүү кармалып, ал толугу менен кылмышын мойнуна алган.

Учурда кылмыш иши козголду.