Кардардын таксистке кол көтөрүү фактысы. Окуянын чоо-жайы

«Москва Онлайн» басылмасы кыргызстандык таксистке кардар тарабынан кол көтөрүү фактысы боюнча маалымат жарыялады. Окуя 18-июлда Москва шаарында болгон.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 3-августта билдирген маалымат боюнча, жабырлануучу элчиликке кайрылган эмес. Бул боюнча Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине расмий нота жөнөтүлдү.


Кыргызстандык таксист Шамил Муратов россиялык журналисттерге билдирген маалымат боюнча, ал Кыргызстандын жараны. Россияда жашоо укугу менен 4 жылдан бери Москва шаарында эмгектенип жүрөт. Окуя боюнча айтып жатып, жүргүнчүгө
колундагы ичимдикти ичип, бөтөлкөнү унаадан сыртка таштаганча акы төлөнүүчү функцияны колдонууну сунуштаганын билдирди. Буга жинденген жүргүнчү кол көтөргөн.


Окуядан кийин Муратов ооруканага барып, кашын тиктирген. Андан кийин полицияга кайрылган. Бирок полиция кызматкерлери видеону караган эмес жана иш козгоодон баш тартышкан.
Таксидеги кардар Игорь Майсурадзе Екатеринбургда жашайт. Ал Первоуралдагы Trubmann заводунун негиздөөчүсү. Анын айтымында, ошол күнү жубайы, кызы жана жаш баласы менен бирге Москвада эс алып жүрүшкөн. Орто жолдон
мейманкадагы бөлмөгө сумкасын унутуп калышканын эстеп, такси чакырышкан. Таксист алгач эле аларга жакшы мамиле жасабаганын белгиледи.


Мейманканадан сумка менен кошо 1 бөтөлкө сыраны көтөрө чыккан. Унаанын ичинен ал сыраны ичмек болгондо, айдоочу уруксат берген эмес. Мындан улам бөтөлкөнү арткы орундагы жүргүнчүгө бергенин, бирок айдоочу баары бир унааны айдоодон баш
тартканын айтты. Мындан улам жинденген.
Бул окуядан кийин ишкер менен «Яндекс.Такси» байланышка чыгып, анын пикирин угушкан. Көп узабай бул такси кызматы аны «кара тизмеге» киргизгенин билген.
Ошондой эле өзүнө жана туугандарына коркутуулар болуп жатканын айтып арызданды. «Яндекс.Такси» сервиси журналисттерге берген маалыматта кардардын жүрүм-турумуна байланыштуу такси кызматын пайдаланууга чектөө коюлганы тууралуу айтылат.
«Жүргүнчү катары мындай кыймыл-аракетке жол берилбеши керек. Андыктан таксиге буйрутма кылууга чектөө киргизилди. Айдоочу дагы, жүргүнчү дагы бири-бирин сыйлашы керек. Ал эми эреже боюнча жүргүнчү таксиге түшкөн учурда алкоголдук ичимдик ичүүгө уруксат эмес. Буга байланыштуу айдоочунун талабы негиздүү болгон.

“Биз айдоочу менен байланыштабыз жана ага полицияга кайрылуу сунушталды», – деп
айтылат «Яндекс.Таксинин» билдирүүсүндө.