Ысык-Көлдө 12 жыл иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке кирди

Ысык-Көлдө 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышкан.

«Таанышуу учурунда бул кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында өлкө президентинин тапшырмасына байланыштуу иш жанданганы жана Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылары айтылды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Жыргалаң кенинде күнүнө 100-120 тонна көмүр казылып алынат. Кышында Каракол шаарына, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондоруна 12 миң тонна көмүр керектелет. Ага байланыштуу бул аймактардын көмүргө болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени камсыздаш керектиги белгиленген.

64cb2f8ea2d82 Ысык-Көлдө 12 жыл иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке кирди
64cb2f8f545b6 Ысык-Көлдө 12 жыл иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке кирди