Москвада 42 жаштагы аял өз баласын өлтүрүп, бычак менен кескилеген

Москвада 42 жаштагы аял өз баласын өлтүрүп, аны өлгөндөн кийин сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 5 жаштагы баланын сөөгү кылмыш болгон жерден — Рублевский шоссесиндеги батирден табылган. Кошуналар ызы-чуу чыкканда, милицияга кабар беришкен.

Маркумдун мойнунан бычактын изи жана муунтуунун белгилери табылган. Окуя болгон жерден кандын изи менен ашкана бычагы табылган.

Шектүү кармалган. Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Жашы жете элек баланы өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголду.

Бир катар ЖМКлардын маалыматына караганда, кармалган адамдын телефонунан анын баласы өлгөндөн кийин тартылган сүрөт табылган. Баланы өлтүргөн эне маркетолог болуп иштеген. анын мындай ишке баруусу териштирилип жатат.