Москвадан жеке учак менен ишкерлер учуп кетүүдө

ММКлардын маалыматында, Москвадан жеке ишкерлер учактары менен ар кайсы тарапка учуп кетишүүдө.

Астана, Стамбул, Тбилисиге билеттер калбай калганы айтылууда

Буга чейин, «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин «Орусиянын Коргоо министрлиги «Вагнердин» арткы лагерине сокку урду» деп, Ростов на Донуну курчоого алган.

Андан кийин ал Москвага бара тургандыгын айткан.

Путин мамлекетти алсыраткан нерсе четке кагылышы керектигин белгилеп, бөлүп-жарган иш-аракеттер өлкөгө жана элге чоң сокку болуп эсептелинерин айтып, Пригожинге кылмыш иши ачылгандыгын билирген.