ИИМ: Республика аймагында “Тоноочу” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыштарды жасоо сөзсүз түрдө ыкчам кырдаалдын татаалданышына алып келет жана айрым жарандарга да, бүтүндөй коомго да олуттуу материалдык зыян келтирет. Кылмыштардын ар кандай түрлөрүн алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында ички иштер органдары тарабынан ыкчам алдын алуу иш-чаралары ар дайым жүргүзүлүүдө.


Алсак, Ички иштер министрлигинин негизги уюштуруу иш-чараларынын планына ылайык, 2023-жылдын 11-майынан 12-майына чейин тоноочулукка байланыштуу кылмыштардын алдын алуу, болтурбоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында аймактарда «Тоноочу» рейддик алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Буга байланыштуу ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чараларынын планы түзүлүп, күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби түзүлдү. Кылмыш жасоого мүмкүн болгон аймактарды тактоо боюнча чаралар көрүлүп, анын ичинде уурдалган буюмдарды, мүлктөрдү сатууга мүмкүн болгон жерлерди тактоо жана башка ушул сыяктуу иштер жүргүзүлүүдө.


Бул рейддик иш-чарага ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Бишкек ШИИББдин, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышууда. Кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча комплекстүү уюштуруу иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алдын алуу иш-чарасын уюштуруу Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына жүктөлгөн.

a7eda249 dafe 49e7 830e 336bef94c909 ИИМ: Республика аймагында “Тоноочу” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө
6267c296 c9dc 4ff8 bea2 20d7cbb57863 ИИМ: Республика аймагында “Тоноочу” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө
e6626f22 7b22 40a3 9d02 6d2ab3fa2732 ИИМ: Республика аймагында “Тоноочу” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө
e4217875 01a8 4ad2 a8d1 c572562fcd0e ИИМ: Республика аймагында “Тоноочу” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө