УКМК мыйзамсыз иштеген кумаркананы тинтүүгө алды

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюн жайынын бети ачылып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 27-апрелде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 000 сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынган. Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргыз Республикасынын Ж.А. аттуу жаранынан 597 200 сом, 4 800 АКШ доллары, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган.

Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумароюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.

344532932 932998537909873 823016332403674661 n 1024x576 1 УКМК мыйзамсыз иштеген кумаркананы тинтүүгө алды