Салынып жаткан имараттардын сапатын текшерүү боюнча комиссия түзүлдү

Министрлер кабинетинин тескемеси менен курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, деп билдирет министрлер кабинетинин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркиянын аймагында болуп өткөн акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды, анын натыйжасында Кыргызстандын аймагында айрым процесстер жана кубулуштар активдешип кетиши мүмкүн.

Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө өлкө аймагындагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетине маалымат берүү тапшырылды.