Камактагы Рита Карасартова кат жазды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып абакта жаткан Рита Карасартова кат жазды. Анын каты фейсбуктагы баракчасына жарыяланган.

Анда ал абактагы таза аба менен дем алууга бөлүнгөн убакыт жана шарттар менен бөлүшкөн.

«Таза абага болгон укугубуз жөнүндө…
Убактылуу камака алуу жайында (СИЗОдо) жаткандарга 1 суткада 1 саат сыртка чыгып, дем алууга укук беришкен.
СИЗОну көрө электе Орусиялык кино тасмалардыкындай СИЗОнун короосунда ары бери басып жүрөбүз го деп ойлогом. Көрсө «гулканын» атайын 2 бөлмөсү бар экен: 4×3=12м².
Бирөөсүн сүрөткө тартып койдум, аны биз чоң гулка деп коебуз, баары ошол жерге чыккысы келет, анткени көк асман көрүнөт. Кичине гулкада темир тордун үстүнө майда сетка тартышкан, асман дагы көрүнбөйт, күн дагы тийбейт, кышында кар жааганда аба кирбей калат.
Ошентип, 1-этаждагы 8 камерага, 2- этаждагы 6 камерага бир күндө бир саат бийлеп, ырдап, көнүгүү жасап турганга 2 бөлмө бар.
Кичине гулканын майда сеткасын алып салууга сунуш киргизсем, уруксат берген жок. Кезегибиз чоң гулкага тийсе экен деп Кудайдан тилейбиз, анткени көк асман, күндүн нуру жалпы маанайга абдан таасирин тийгизет экен.
Р.S. Ошол майда сетка шамал, таза аба кирип турганына тоскоол болот», — деп жазылат кайрылууда.

346612148 161609340206534 5238514092142195495 n Камактагы Рита Карасартова кат жазды