“Ишеним” фракциясы Акыйкатчы кызматына Канымбү Карабаеванын талапкерлигин көрсөттү

Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясы Акыйкатчы кызматына Канымбү Карабаеванын талапкерлигин көрсөтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш ​​билдирди.

Буга чейин “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Келдик” депутаттык тобу акыйкатчы кызматына экс-депутат Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин көрсөткөн. Документтер тиешелүү комитеттин кароосуна берилди.

Карабаева Канымбү Исираиловна 1972-жылы 24-мартта Сузак районунун Барпы айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1993-2000-жылдары – Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгында аппарат жетекчиси, андан кийин шаардык ЗАГСтын башчысы;

2008-2010-жылдары – Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын жана Сузак районунун социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы;

2010-2011 – Жогорку Кеңештин юрист-консультанты.

Мындан тышкары, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ага окутуучу болуп иштеген, 2011-жылы Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын өкүлү катары Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгон.

2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Ишеним” партиясынан ат салышкан.

2020-жылы Камчыбек Ташиев жетектеген “Мекенчил” партиясынын тизмеси боюнча 44-орунда болгон.

Ал өз программасында талапкер катары жарандардын социалдык жана медициналык коопсуздугуна, ошондой эле мигранттардын укуктарына көңүл бурган.

Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Атыр Абдрахматованы Акыйкатчы кызматынан бошотушкан. Мындай сунушту “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы киргизген.