Байсалов өкмөттүн педофилдерге өлүм жазасын киргизүү демилгеси боюнча пикирин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter аркылуу «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрүнүн педофилдерге өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилгесине карата пикирин билдирди.

«Өлүм жазасын алып салуу — бул жалпы элдик добуш берүү менен бир нече жолу тастыкталган негизги конституциялык норма. Бул убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт», — деп жазган Байсалов.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттар тобу Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбооруна корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко кайрылганы белгилүү болгон. Былтыр октябрда коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоордо балдарга карата зордук-зомбулукка баргандарды, педофилдерди өлүм жазасына тартуу жобосун киргизүү каралган.

Конституциялык сот Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун «КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча сунушун кароого кабыл алган.

61 адамдан турган депутаттар тобу педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштоодо. 

Бирок Кыргызстанда өлүм жазасына Баш мыйзам тарабынан тыюу салынган.