Эдил Байсалов Дастан Бекешовго жооп берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттерде депутат Дастан Бекешовдун экс-президенттерди «көңүлдөшкө» салыштырганын “жапайычылык” деп атады.

Ошондой эле «Биз мурдагы президенттерди тепкенди кандай жакшы көрөбүз. Анан өз ыктыяры менен кеткиси келбегенине же карылыкта өмүр бою Бекешевдерден коргоого болгон күчүн жумшап жатканына таң калабыз. Бул мамлекеттик мамиленин дефицити!»-деди.

Эске салсак, Дастан Бекешев кесиптештери тарабынан сунушталып жаткан “Мамлекет башчысынын ишмердигинин кепилдиктери жана КР экс-президентинин статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү туура деп эсептейт. Бирок ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өтпөй калышы же мамлекет башчысынын колдоосусуз калышы мүмкүн деп эсептейт.