ВИДЕО: Дастан Бекешов Бишкектеги суу маселесин чечпей жаткан мэрияны сынга алды

Депутат Дастан Бекешев Бишкекте учурдагы эң чоң маселе суу болуп, ал үч жумадан бери айтылганы менен мэрия алгылыктуу иш кылбай жатканын сынга алса, эл өкүлү Улан Примов суу башында туруп, тартыш болгону чоң маселе экенин белгиледи. Анын айтымында, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда 10 күндөн бери суу жок болуп, элдин нааразычылыгын күчөтүп жатат.

Ал эми Максат Сарбагышев Бишкектеги суу тартыштыгын чечүү үчүн унаа жуучу жайларды жабуу маселеси көтөрүлүп жатканын белгилеп, толук маалымат берүүнү талап кылды. Депутаттын айтымында мэрия башка жолдорду да ойлонуп, сунуш кылуусу керек болчу, себеби бул маселелден улам айрым адамдар жумушсуз калууда.

Депутаттар Бишкектеги суу тартыштыгы боюнча маселе көтөрүшүп, мэрдин маалыматын угууну талап кылышты