Бишкекте “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышында рейд өткөрүлүүдө

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышында рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
“Бишкек шаарында жүргүнчү ташуу менен алектенген мекемелеринде эртең мененки унаа каражаттарын техникалык кароо, айдоочуларды медициналык кароо учурларын текшерүү жүргүзүшүүдө.
Батыш автобекетинде мекемелердин айдоочулары арасында, ар бир айдоочу менен жеке профилактикалык маектешүү өткөрүшүүдө”
, – деп айтылат маалыматта.
Бул иш-чара жолдогу жүргүнчү ташуу менен алектенген унаа карадаттары жол транспорт кырсыгына кабылуусун алдын алууга багытталып, эң негизги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна терең көңүл бурууларын эскертишти.

78b83ef2 4e73 401d b618 f039bb4d12fc Бишкекте “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышында рейд өткөрүлүүдө
fb0b7ef0 1cfb 49ac b94f b4dca9e4f5b5 Бишкекте “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышында рейд өткөрүлүүдө