Бишкек шаарынын Батыш автобекетинде ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 19-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан Батыш автобекетинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана ИИМден 1 экипаж, тез жардам кызматынан 1 Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 1 кызматкер тартылган.
«Тилсиз жоо саат 5:56да чектөөгө алынып, саат 8:54тө толугу менен өчүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.
Бактыга жараша жабырланган бар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин жана материалдык чыгымдары такталууда.
![izobrazhenie 2023 01 19 094336467 Батыш автобекетинде ири өрт чыкты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/01/izobrazhenie_2023-01-19_094336467.png)