17 жаштагы Айдана Акматова изделип жатат

Туугандары 2005-жылы туулган Айдана Акматованы издеп жатышат. Маевка айылындагы 17 жаштагы кыз 17-январда саат 16:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Маалым болгондой, ал акыркы жолу 17-январда Бишкектеги «Айчүрөк» соода түйүнүнүн жанынан байланышка чыккан.

Анын бою 160 см, көздөрү кой көз, чачы ачык күрөң, арыкчырай.

Кийген кийимдери: кара куртка, кара футболка, кочкул көк шляпа, кара өтүк жана кочкул көк түстөгү рюкзак болгон.

(0705) 050 747 жана (0703) 664 665 номурларына чалыңыз.