Депутат: “кесиптеш өзү пиджакты чечип, чапан кийип, Айфонду ыргытып, ат миниш керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жалпы жыйын учурунда кесиптештерине кайрылуу жасап, бири-биринин сөзүнө комментарий берүүдөн алыс болууга чакырды.

«Ар бир депутат өз пикирин айтканга укуктуу. Жагабы, жакпайбы… Анан батышчыл концепция деп жатат, акырына чейин барыш керек анда, кесиптеш өзү пиджакты чечип, чапан кийип, Айфонду ыргытыш керек. Кымбат америкалык унаа айдабай эле ат менен жүрүш керек… Койгулачы эми, урматтуу депутаттар. Ар бир депутаттын ою бар, мен да укуктуумун. Эмнеге батыш? бул менин оюм», — деди Бекешев.

Буга чейин талкуу маалында депутат Дастан Бекешев ата-эненин балдарды тарбиялоодогу, жаман маалыматты жакшы менен ажырата билүүнү үйрөтүүдөгү жоопкерчилигин эске салып, ошону менен бирге эл өкүлү ишке ашыруунун так механизми жок демилгелер цензурага, коомдун деградациясына алып келиши мүмкүн экенин билдирген.