Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом берилди

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомдук сертификат жана азык-түлүк куржунун тапшырды.

Эске салсак, 20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмдерди жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөдө жети бала бар – 6 уул, 1 кыз.