Россияда -63 градуска чейинки суук күтүлүүдө

Жакынкы күндөрү Россия Федерациясынын Якутия Республикасында абанын температурасы -63, Иркутск облусунда -58, Красноярск крайында -55 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Аномалдуу суук Оренбург, Пенза жана Саратов облустарында да күтүлөт. Бул тууралуу Россиянын гидрометеорология борборунун өкүлү Роман Вильфанд билдирди.

Тактап айтканда, 14-январга чейин Оренбург менен Пенза облустарында -26…-30, Саратовдо -22 градус суук күтүлөт.

«Якутияда аномалдуу суук 5 күн сакталат», – дейт Вильфанд.

Өткөн жуманын соңунда Россиянын көпчүлүк аймагында аномалдуу суук башталган. Мисалы, Тольятти шаарында -28,5 градус суук катталган, бул — 1970-жылдардан берки катуу суук.

Россиялык синоптиктер аномалдуу суук жакын арада өтөрүн белгилешти.