Бекешев: Бишкектин баарын тез арада суу өлчөгүчтөр менен камтыш керек

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев калаада суу болгону менен аны туура колдонуу чабал экенин айтты.

Эл өкүлү шаардын түштүк тарабында суу жок экенин билип туруп көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берүү акылга сыйбай турганын белгиледи.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев азыр көйгөй Ленин районунда гана экенин айтты.

“Шаардыктардын 12 пайызына гана суу өлчөгүчтөр коюлган. Бул өтө төмөнкү көрсөткүч. Андыктан азыр биринчи кезекте Арча-Бешикке өлчөгүчтөрдү коюуну пландап жатабыз”, — деди Шамыралиев.

Депутат тез арада өлчөгүчтөр Бишкектин баарын камтышы керектигин жана суунун майнапсыз колдонулушу өтө көп болуп жатканын айтты. Ал бирөө каалагандай колдонсо, экинчиси өлчөгүчкө карап төлөгөнү адилетсиздик деп атады.

Вице-мэрдин айтымында, бир адамга суунун керектелүүчү нормасы суткасына 170 литр, бүгүнкү күндө ал 500 литрге чыгып кетүүдө. Кышында баарына суу жетип турат, бирок күндүн жылышы менен керектөө эки эсе көбөйөт.

“Ушул көйгөйдүн баарын билесиңер, бирок алдын албай жатасыңар. Андыктан бизде суу бар, болгону мээбиз бир аз ордунда эмес дээр элем”, — деди Бекешев.

Ошондой эле Шамыралиев борбор калаада суунун жоготуулары 70 пайыз экенин, ал эми суу түтүктөрүнүн 70-80 пайызы эскиргенин билдирди.