«Курултай тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырылды

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында президент тарабынан демилгеленген «Элдик Курултай жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Конституциялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев аткарылган иштер боюнча маалымат берип, беренелердин саны 22ден 15ке чейин кыскартылганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов Элдик Курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн кыскартууга каршы чыкты. Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев тармактык комитеттин жүрүшүндө делегаттар Элдик Курултайдын жалпы чогулушунун мөөнөтүнө шайланат деген чечим кабыл алынганын эске салды.