Депутат Эдил Байсаловду иштөөгө чакырды

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова жетим балдарга байланыштуу маселелерди көтөрдү.

Анын айтымында, жетим балдар мектеп-интернатты аяктагандан кийин үйсүз, окуусуз, жумушсуз калышат.

“Бул боюнча эч кандай коомдук иштер жүргүзүлбөй жатат. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине тапшырма бергиле”, — деп депутат министрлер кабинетинин жана президенттин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.

«5 жылдык мектеп-интернаттын бүтүрүүчүлөрү тууралуу азыр эмне менен алектенип жатканы тууралуу маалымат берсеңиз. Алардын үйү, жумушу, окуусу барбы? Программа түзүп, ошонун негизинде иш алып баруу керек», — деди Мажитова.

Депутат министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары Эдил Байсалов саясат менен гана алек экенин айтты.

«Социалдык секторду көзөмөлдөгөн Эдил Байсалов саясат менен эле алектене бербей, айрыкча Баткенде жабыр тарткан балдарга психологиялык жардам көрсөтүү маселесин чечсе жакшы болмок. Баткендеги көптөгөн балдар жана аялдар чек арадагы окуялардан психологиялык жактан жабыркады. Азыр билинбегени менен анын кесепети 3-4 жылдан кийин билинет», — деди Шарапаткан Мажитова.