Курсанттар менен студенттерге Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча семинар өткөрүлдү

ИИМ: Курсанттар менен студенттерге Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча семинар өткөрүлдү

2022-жылдын 18-октябрынан 20-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен ИИМдин Академиясынын курсанттары менен студенттерине “Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын өзгөчөлүктөрү” аттуу теманын алкагында практикалык семинар уюштурулду.

Семинарды ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам өкүлү милициянын полковниги Манас Аманбаев өттү. Семинарда Манас Аманбаев тарабынан баяндама жасалып, курсанттар менен студенттерге диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын өзгөчөлүктөрү, интернет мейкиндигиндеги диний-экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.


Семинардын аягында курсанттар менен студенттердин суроолоруна жооптор берилип, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган буклеттер таратылды.

WhatsApp Image 2022 10 20 at 12.17.59 1 Курсанттар менен студенттерге Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча семинар өткөрүлдү
WhatsApp Image 2022 10 20 at 12.17.58 Курсанттар менен студенттерге Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча семинар өткөрүлдү
WhatsApp Image 2022 10 20 at 12.18.01 Курсанттар менен студенттерге Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча семинар өткөрүлдү

ИИМдин Басма сөз кызматы