Эл өкүлү аялдар комитетин түзүү демилгесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова кайрылуу жасап, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук үч эсе жогорулаганына байланыштуу, абалды жөнгө салуу жаатындагы сунуштарды айтты.

“Керектүү мыйзамдар кабыл алынганына карабастан, тиешелүү мамлекеттик аткаруу органдары тарабынан аялдардын, балдардын коопсуздугун алдын-алуу иштери жеткиликтүү жүргүзүлбөй келет. Андан тышкары, мамлекеттик деңгээлде идеологиялык системдүү иш-аракеттин жоктугунан аялдарды жана балдарды радикалдуу диний топторго тартуу коркунучу өсүүдө. Андыктан көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүү үчүн бир катар натыйжалуу чараларды көрүү зарыл. Тактап айтканда, гендердик теңчиликке жетишүү боюнча саясатты жана механизмдерди актуалдаштыруу учур талабы”, – деди депутат.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укугун коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу да учкай кеп кылган Шарапаткан Мажитова аталган Кеңеш президенттин алдында да аялдар комитетин түзүүнү сунуштап жатканын маалымдады.

Ага ылайык, депутаттар да, президент дагы аталган сунушту колдоп берерине ишеним артарын кошумчалады.