“Иштеңиз!”: Мажитова Эдил Байсаловго кызматын тапшырууну сунуштады

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкууланууда. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Отурумда депутат Шарапаткан Мажитова өлкөдө социалдык маселелер унутта калганын айтып, социалдык тармактагы маселелерди караган министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсаловго кызматын тапшырууну сунуштады.

«Эдил Жолдубаевич саясатка киришип кетет экен. Социалдык багытка киришпейт экен. Ордуңузду иштей турган аялдарга бериңиз. Болбосо иштеңиз. Баткенде согуш болгондо канча күндөн кийин бардыңыз? Азыр ал жакта психологдор жок. Психолог менен камсыз кылуу, социалдык кызматкерлерди көбөйтүү сиздин ишиңиз болчу», — деди ал.