ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өздүк курамы кесиптешин ардактуу эс алууга чыкканы менен куттукташты

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өздүк курамы ички иштер органдарында 25 жылга жакын үзүрлүү эмгектенген Кызматтын бөлүмүнүн мурдагы начальниги милициянын отставкадагы полковниги Теңис уулу Бакайды ардактуу эс алууга чыкканына байланыштуу куттуктап келишти. Учурда милициянын ардагери Теңис уулу Бакай 2022-жылдын 12-майынан баштап Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап жаткан чагы. ИИМден барган кесиптештери ага чепкен жаап, ак калпак кийгизип, ички иштер органдарында көп жылдар бою үзүрлүү, ак ниеттүүлүк менен татыктуу кызмат өтөгөндүгүн баса белгилешип, жылуу калоо-тилектерин айтышты. Андан соң, кесиптештери ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан терең ыраазычылыгын билдиришип, ага бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы кызматында ийгиликтердин коштоп жүрүшүн каалашты. Аны менен катар, милициянын ардагерине Кыргыз милициясынын ѳнүгүшүнѳ, коомдук коопсуздукту камсыздоого, мыйзамдуулукту сактоого кошкон зор салымы үчүн ИИМдин 1-даражадагы “Азамат” медалын тапшырышты.


Өз кезегинде ардагерибиз ИИМден барган кесиптештерине ыраазычылык билдирип, өлкөбүздө ар дайым туруктуулук өкүм сүрүп, Кыргыз милициясы заман талабына ылайык өнүгө беришин каалады.
Белгилей кетсек, Теңис уулу Бакай ички иштер органдарындагы кызматын 1997-жылы баштаган. Ал башында милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүмчөсүнүн милиционери, милициянын аймактык тескөөчүсү, жашы жете электер менен иштөө инспектору болуп иштеп, кийин ИИМдин башка бөлүктөрүндө да кызматын өтөгөн.

WhatsApp Image 2022 11 21 at 13.04.32 ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өздүк курамы кесиптешин ардактуу эс алууга чыкканы менен куттукташты

Андан сырткары, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо РИИБдин начальнигинин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, Чүй облусунун Чүй РИИБдин начальнигинин коомдук тартипти сактоо боюнча орун басары, Чүй РИИБдин Искра милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги, Нарын ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги катары жетектөөчүлүк кызмат орундарды дагы аркалаган. 2022-жылдын 10-мартында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Профилактика жана координациялоо башкармалыгынын кварталдык милиция бөлүмүнүн начальниги кызматынан ардактуу эс алууга кеткен.

WhatsApp Image 2022 11 21 at 13.04.31 ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өздүк курамы кесиптешин ардактуу эс алууга чыкканы менен куттукташты
WhatsApp Image 2022 11 21 at 13.04.34 ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өздүк курамы кесиптешин ардактуу эс алууга чыкканы менен куттукташты

ИИМдин Басма сөз кызматы