Өлкө башчы «Тунгуч» кичирайонунда жаңы мектепти ачты, – сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районундагы № 73 жаңы жалпы билим берүү мектебинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ал үстүбүздөгү жылы курулган 15 мектептин бири болуп саналат.

Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чарада кызыл тасманы кесип, 550 окуучу орунга эсептелген 3 кабаттуу жаңы имарат менен таанышты. Ал окуу класстары жана чеберканалары, спорттук жана актовый залдар, ашкана, лабораториялар жана башка жайлар көрсөтүлдү.

Окуучулар ырларды айтып, улуттук жана классикалык аспаптарда ойноп, чыгыш согуш өнөрүн көрсөтүп өз таланттарын тартуулашты.

Садыр Жапаров билим берүү мекемелерин куруу мамлекеттин милдети экенин, сапаттуу билим берүү мугалимдердин мойнунда экенин баса белгилеп, ошол эле учурда окуучуларды жакшы окууга, кийинки жашоосунда пайдасы тие турган терең билим алууга умтулууга чакырды.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери менен баарлашып, бир жылдын ичинде мамлекет тарабынан Бишкекте 15 мектеп курулганын, бул коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын аркасында мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Мугалимдер менен ата-энелер мамлекет башчысына эмгек акы жана окуу процесстери боюнча бир катар суроолорду берип, ыраазычылыктарын билдиришип, мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2022-жылы Бишкек шаарында курулган жаңы билим берүү мекемелеринин бет ачары болот. Мектептер президенттин тапшырмасы менен республикалык бюджеттин каражатына курулган.

Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз көрсөтүлөт. Башталышы — 15:00.

7 Өлкө башчы «Тунгуч» кичирайонунда жаңы мектепти ачты, - сүрөт
10 Өлкө башчы «Тунгуч» кичирайонунда жаңы мектепти ачты, - сүрөт
18 Өлкө башчы «Тунгуч» кичирайонунда жаңы мектепти ачты, - сүрөт
17 Өлкө башчы «Тунгуч» кичирайонунда жаңы мектепти ачты, - сүрөт
16 Өлкө башчы «Тунгуч» кичирайонунда жаңы мектепти ачты, - сүрөт
14 Өлкө башчы «Тунгуч» кичирайонунда жаңы мектепти ачты, - сүрөт
9 Өлкө башчы «Тунгуч» кичирайонунда жаңы мектепти ачты, - сүрөт
19 Өлкө башчы «Тунгуч» кичирайонунда жаңы мектепти ачты, - сүрөт